Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүү абалы жана динамикасы менен таанышты.
Мамлекет башчысына Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов маалымат берди. Презентацияда инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыктары айтылып, ошондой эле районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы райондо социалдык жана инфраструктуралык багыттагы бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Муниципалдык башкарууну өнүктүрүүнүн алкагында бир нече муниципалдык ишканалар түзүлүп, алардын катарында кум-шагыл аралашмасын казып алуучу ишкана да бар.
2026-жылга карата негизги милдеттер да белгиленди. Тактап айтканда, 5 мектепти жана 4 бала бакчаны пайдаланууга берүү, ошондой эле жаңы чакан жана орто ишканаларды ачуу пландалууда.
Муниципалдык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарында Жазы айыл аймагында муниципалдык мал базарын куруу, Төрт-Көл айыл аймагында ”Береке” муниципалдык базарын пайдаланууга берүү, ошондой эле Өзгөн күрүчүн таңгактоо жана экспорттоо боюнча “Eco Uzgen Kuruch”муниципалдык ишканасын ишке киргизүү бар.
Мындан тышкары, Өзгөн шаарындагы жалпы аянты 9 га болгон Н. Азнабакиев атындагы паркты реконструкциялоо каралган. Бул шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртууга маанилүү салым болот.