Президент Өзбекстандагы "Амирсой" тоо лыжа базасынын шарттары менен таанышып келди

Президент 1617 26 Январь 2025 13:36
475276512_2888870571287853_5465424381789824713_n.jpg
475124177_2888870451287865_3500285144573427676_n.jpg
475298605_2888870561287854_6327374444434108272_n.jpg
475298529_2888870604621183_8346227734579613802_n.jpg
474876282_2888870461287864_8948706821107174259_n.jpg
475277442_2888870521287858_3266750847515580864_n.jpg
475045180_2888870481287862_4566499472832961984_n.jpg
475049135_2888870474621196_3262771072041383733_n.jpg
474866030_2888870537954523_400377171855682222_n.jpg
475164122_2888870597954517_2074204158823929703_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Фейсбуктагы баракчасынан

Бишкек, 26.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы "Амирсой" тоо лыжа базасынын шарттары менен таанышып келди. Бул тууралуу мамлекет башчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Биздин мамлекетибиздин аянтынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Негизинен алганда жети дубаныбызда тең ушундай лыжа курорттору болушу керек эле. Бирок бизде жокко эсе.

Эмне үчүн дегенде көз карандысыздык алган күндөн баштап, жөнөкөй калктан президенттерге чейин бир гана саясат менен шугулданып жүрө бергенбиз. “Күндө митинг, күндө той” болот эле бизде. Экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калган.

Бүгүнкү “Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев жоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур.

Сөз жок. Азамат. Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан! Миллиондогон туристтер эс алып жүрүшөт. Тейлөө кызматы Европаныкынан кем калбайт. Эң жогорку сапатта.

Ташкенттен ары жарым сааттык жол экен",-деп жазган президент.