Президент Ысык-Көлдөгү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты

Президент 4728 02 Май 2025 16:04
494716787_1221198776681421_8082763238292525138_n.jpg
492881225_1221198813348084_5943398080151494770_n.jpg
493210388_1221198846681414_2470160907223148018_n.jpg
493718390_1221200186681280_8080873715242652140_n.jpg
494022326_1221200556681243_985051736789866790_n.jpg
494059614_1221200146681284_8577070581045166731_n.jpg
494101186_1221200423347923_3649220353099060931_n.jpg
494194957_1221200580014574_263090492755472281_n.jpg
494266359_1221200470014585_139709842482657829_n.jpg
494305139_1221198780014754_2325884372188315126_n.jpg
494338414_1221200350014597_111922108561009791_n.jpg
494366564_1221198843348081_125165641234756394_n.jpg
494372027_1221200073347958_3935958170829373012_n.jpg
494421885_1221200443347921_5612210789228092251_n.jpg
494423855_1221200380014594_8153240762968494763_n.jpg
494455041_1221198800014752_4896247791045697074_n.jpg
494531145_1221201740014458_5972343151925153915_n.jpg
494545540_1221201790014453_4002265970017689556_n.jpg
494643681_1221200050014627_792104533762740740_n.jpg
494653560_1221200090014623_640390567358810679_n.jpg
494708439_1221200183347947_4177332753717573881_n.jpg
494987228_1221200646681234_2609254924186154116_n.jpg
494988621_1221200310014601_2121797409351696719_n.jpg
495119584_1221201880014444_2506127786708912194_n.jpg
495338509_1221201763347789_7239545594363164558_n.jpg
495340749_1221201730014459_4501667826341372350_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл көлүнүн аймагындагы жейрендин популяциясын жана таралган аймагын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.

«Жейрен-Ордо» долбоорунун демилгечилери жана уюштуруучулары «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы болуп саналат. Долбоордун максаты - бир кезде кеңири жайылып, бирок браконьерликтин жана жаратылыш аймактарынын өзгөрүшүнөн улам тукум курут болуу алдында калган же таптакыр жок болуп кеткен жейренди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтарып берүү. Бүгүнкү күндө анын саны жана таралышы кескин азайып, калктын жардамысыз табигый калыбына келтирүү мүмкүн болбой калган.

Коруктун уюштуруучулары мамлекет башчыга Ысык-Көлдүн түштүк жээги ылайыктуу жаратылыш шарттары сакталган аймак экенин, бирок жейрендер көптөн бери байкалбай калганын айтышты. Бул жерде түрдү калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу – реинтродукция, башкача айтканда жаныбарларды башка аймактардан алып келүү.

«Жейрен-Ордо» долбоорунда жейрендерди жаратылышка коё берүүнүн «жумшак ыкмасы» колдонулат. Долбоор баштапкы этапта жаныбарларды ыңгайлаштыруу жана көбөйтүү үчүн жарым-жартылай эркин шарттарда кармоону, андан кийин аларды мурдагы жашаган жерлеринде жапайы жаратылышка чыгарууну камтыйт.

Мамлекет башчысына борбордо учурда 43 баш жейрен багылып, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатканы маалымдалды. Быйылкы жылы 25 башы: биринчи 12 эркек, ал эми адаптациялангандан кийин 13 ургаачы жейрен улактары менен биринчи жолу чыгарылат. Бул ыкма туруктуу үйүрлөрдү табигый түрдө түзүүнү шарттайт.

Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баштан чыгарууну пландаштырууда. Браконьерликке каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлсө, долбоор 10 жылдын ичинде аймактагы жейрендердин санын 500гө чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчы мекендештерибизге, өзгөчө Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин биргелешип колдоого чакырды. Анын айтымында, бул жаныбарлар дээрлик 100 жылдан кийин Ысык-Көлдүн жээгине кайтарылып жатат.

Президент 1930-жылдарга чейин жейрендер Тоң районунда кеңири жайылып, кийин бир катар себептерден улам дээрлик жок болуп кеткендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, анын популяциясын калыбына келтирүүгө болот - бул үчүн табийгатка чыгарылган жаныбарлардын адаптациясына тоскоолдук кылбоо жетиштүү.

Садыр Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө биз салыштырмалуу бакубат заманда жашап жатабыз, азык-түлүк тартыштыгы жок, андыктан бул жаныбарларга кол салуудан пайда жок – жейренге аңчылык кылуу эч бир көйгөйдү чечпейт. Ал бул жаныбарлар экологиялык жактан пайдалуу экенин баса белгиледи: алар тикенектүү өсүмдүктөр менен да, уулуу чөптөр менен да азыктанып, ошону менен жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоого катышышат. Мамлекет башчысы аларды жок кылуунун ордуна сактоого жана коргоого көмөк көрсөтүүнү сунуштады – ар бир жаран жаратылыш алдындагы жоопкерчилигин сезе билүүсү керек.

Садыр Жапаров жейрендер жаратылышка коё берилгенде, аларды эт же олжо катары атууну токтотууга чакырды. Ал мамлекет зарыл колдоо көрсөтүп, жапайы, өзгөчө жоголуп бара жаткан жана Кызыл китепке кирген жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүү боюнча ырааттуу иш алып барарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы долбоордун комплекстүү мааниси бар экенин, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана биологиялык ар түрдүүлүктү жогорулатууга, экологиялык билим берүүгө жана курчап турган чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга көмөктөшөөрүн, ошондой эле туруктуу экотуризмди өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик органдарына жейрендин популяциясын калыбына келтирүү жана адам тарабынан мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-чараларды колдоо максатында калк арасында, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, мергенчилер жана чабандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.