Президент Ысык-Көлдөгү "Түндүк Бетон" ишканасынын иши менен таанышты

Президент 1544 06 Август 2025 15:02
528254993_1303027748498523_4817263908146952750_n.jpg
528264495_1303028391831792_8222620121015947197_n.jpg
528339041_1303028555165109_6383460057680241409_n.jpg
528376055_1303028251831806_1005431331185122317_n.jpg
528690228_1303028428498455_4633001964076052505_n.jpg
528718410_1303027821831849_1396780391409743284_n.jpg
529297179_1303027921831839_558005470924999685_n.jpg
529362081_1303027798498518_5928234871717215855_n.jpg
515445295_1303027945165170_876614654806342425_n.jpg
515445314_1303028255165139_692760526300759484_n.jpg
528063054_1303028441831787_5171672310069282184_n.jpg
528084684_1303027991831832_4536001654957361317_n.jpg
528133720_1303028275165137_4052068648972924990_n.jpg
528139335_1303028051831826_3572770184216791000_n.jpg
528243624_1303028011831830_939266092259067772_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы "Түндүк Бетон" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын экономикалык ишмердүүлүгүнүн негизги түрү инерттүү материалдарды, бетон аралашмасын жана темир-бетон блокторун өндүрүү болуп саналат.

Завод заманбап жабдуулар жана өндүрүш процесстерин автоматташтырылган башкаруу системасы менен жабдылган.

Өндүрүштүк цикл үч негизги багытты: таш майдалоочу жабдууну, бетон заводун, ошондой эле модулдук курулуш участогун камтыйт.

Таш майдалоочу жабдуулардын кубаттуулугу бир сменада 1000 тонна чыгарат, эки фракцияга бөлүнөт. Бетон заводу саатына 120 куб бетон өндүрө алат.

Ишкана толук кубаттуулукта ишке киргенде 150 жумуш орду менен камсыз кылат. Учурда өндүрүштө 60 кызматкер эмгектенет.

"Түндүк Бетон" ЖЧКсы тарткан инвестициянын көлөмү 4,5 млн АКШ долларын түзөт.

Ишкананын негиздөөчүсү Бакыт Айдаров мамлекет башчысына компаниянын ишмердүүлүгү, анын ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл жээгинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Ал акыркы жылдары Кыргызстанда бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн өзгөчө белгилеп, ишкердикти кеңейтүү алдында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана өзгөрүүлөргө дыкат көз салып турганын айтты.

Бакыт Айдаров ошондой эле модулдук темир-бетон конструкцияларын колдонуу курулуш долбоорлорун кыска мөөнөттө ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Мисал катары Чолпон-Ата шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча райондук башкармалыктын имаратынын курулушун келтирди - аянты 400 чарчы метр болгон корпусту болгону 10 күндүн ичинде тургузуу пландаштырылууда.

Президент Садыр Жапаров заводдун өндүрүш процесси менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Мамлекет башчысы республика боюнча курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи. 8-августта Каракол шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдөгү 450 жаңы батирдин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи болот.

Ал жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи, анткени бул турак жай долбоорлорун ишке ашырууну кыйла тездетет. Ошол эле учурда, өлкөдө салттуу курулуш технологиясы кеңири колдонулуп жатканына карабастан, турак жайларды пайдаланууга берүү көлөмү кыйла жогору бойдон калууда.

Президент ошондой эле Чолпон-Ата шаарында, мурдагы аэропорттун ордунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ипотекалык батирлерди куруу боюнча масштабдуу долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров "Түндүк Бетон" заводунун ишке кириши өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. Ал мамлекет мындан ары да өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.