Президент тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагындагы иш багыттарды атады

Президент Загрузка... 24 Апрель 2025 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясы бири биринен алыс жайгашса да, мөңгүлөрдүн ээриши, биоартүрдүүлүктү жоготуу, тоо экосистемасынын деградациясы сыяктуу окшош көйгөйлөргө туш болгон Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия мамлекеттерин бириктирүүгө багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, бул климаттык өзгөрүлөр шашылыш чараларды, координацияланган аракеттерди жана дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууну талап кылат.

“2000-жылдын башынан баштап Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоо маселесине буруу боюнча активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027- жылдарды тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Бардык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу үчүн ыраазыбыз. Бүгүнкү конференция ошол беш жылдыктын алкагында өткөрүлүүдө”, - деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, президент аталган 5 жылдыктын алкагында өлкөдө төмөнкүдөй багытта иштер аткарылып жатканына токтолду.

- Жашыл энергетиканы өнүктүрүү;

- Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү;

- Тоолуу аймактарды жашылдандыруу;

- Санариптештирүүнү өнүктүрүү;

- Калктын саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

- Калктын жашоо шартын жакшыртуу;

Ошондой эле өз сөзүндө президент эл аралык уюмдарды, каржылык институттарды климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөргө биринчи кабылган тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого чакырды.