Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Жылдап аткарылбаган сот чечими адилеттүүлүктү тебелөө болуп эсептелет жана бул бийликти дискредитациялоо, жаманатты кылуу болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы сот адилеттиги өз убагында ишке ашырылып, сот чечими аткарылганда гана баалуулукка ээ болорун белгилеп, бюрократиялык создуктурууларды жоюу жана сот актыларынын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу негизги милдеттердин бири экенин айтты.
"Соттордун абсолюттук ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Жаран соттук чечим кандай кабыл алынып жатканын так билиши зарыл. Ал өз ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты эркин алууга укуктуу жана соттун чечими бир гана мыйзамга негизделип чыгарына ишениши керек.
Биз укук коргоо механизмдерин түп-тамырынан бери жаңылап жатабыз. Электрондук сот өндүрүшү, процесстерге аралыктан катышуу, сот отурумдарын онлайн өткөрүү жана талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу сыяктуу заманбап инструменттердин бардыгы ар бир адам үчүн жеткиликтүү болот", — деди президент.