Президент саламаттык сактоо министрин алмаштырды

Кадрлар жана дайындоолор 1 декабрь 2025 18:50
Президент саламаттык сактоо министрин алмаштырды

Бишкек, 01.12.25./Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саламаттык сактоо министрин алмаштырды.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду.

Ал эми Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эске салсак, Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри болуп 2025-жылдын 5-февралында дайындалган.