Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга 3-4-апрелде болгон иш сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө президент Садыр Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо, Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Лидерлер жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин жактай тургандыгын ырасташты.
Сапардын экинчи күнүндө, 4-апрелде, мамлекет башчы Самарканд шаарында өткөн «Борбор Азия – Европа бирлиги» Биринчи саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү менен Европа бирлигинин ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын ишенимдүү өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы жана өсүп жаткан транзиттик дарамети соода жана инвестиция үчүн кеңири перспективаларды ачып жатканын баса белгиледи.
Андан соң президент «Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү» эл аралык форумунда сөз сүйлөдү.
Ал климатты каржылоо жагынан да, алдыңкы технологияларды ишке ашырууда да Борбор Азия өлкөлөрүн колдоого европалык өнөктөштөрдүн катышуусун арттырууга чакырды.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын климаттык жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго тышкы карызды алмаштыруу демилгесин колдоо зарылдыгын белгиледи.
4-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапары аяктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.
**********
Завершился рабочий визит Президента Садыра Жапарова в Узбекистан
Завершился рабочий визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Республику Узбекистан, состоявшийся 3–4 апреля.
В первый день визита Президент Садыр Жапаров провёл переговоры с Президентом Европейского банка реконструкции и развития Одиль Рено-Бассо, Президентом Европейской комиссии Урсулой фон дер Ляйен и Президентом Европейского совета Антониу Коштой.
Обсуждены вопросы поступательного развития сотрудничества между Кыргызской Республикой и Европейским союзом, включая расширение торгово-экономических связей, привлечение инвестиций и реализацию инициатив в сфере устойчивого развития.
В тот же день Садыр Жапаров встретился с Президентом Узбекистана Шавкатом Ми
4-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапары аяктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.