Бишкек, 28.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 26-27-июнунда Беларуска болгон иш сапары аяктады.
Мамлекет башчысы биринчи күнү БелЭКСПО Минск эл аралык көргөзмө борборунун аянтында Евразия экономикалык форумуна катышты. Андан кийин ЖЕЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери беларусь техникаларынын үлгүлөрү менен таанышышты.
Экинчи күнү президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышкан.
Иш-чарага Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары - Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттер – Өзбекстан, Куба жана чакырылган коноктор – Монголия жана БАЭ башчылары катышты.
ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.
Беларуска болгон иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 27-июнда Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.