Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

Президент 2335 26 Сентябрь 2025 00:00
553413275_1348409660626998_4639206729935424148_n (1).jpg
553383796_1348411150626849_4000222670382935277_n.jpg
553307831_1348411113960186_6288836640129034123_n.jpg
552695920_1348411077293523_270981070037453791_n.jpg
554930032_1348411057293525_4640850056453482068_n.jpg
555074757_1348410980626866_8129301763696089018_n.jpg
554994300_1348410937293537_1804007592210185763_n.jpg
555062853_1348410957293535_8190204828784530687_n.jpg
553303220_1348410847293546_6821409834668507252_n.jpg
553574657_1348410793960218_1914603120637559951_n.jpg
554342513_1348410807293550_5776625616407864789_n.jpg
554320950_1348410697293561_6224988203221909072_n.jpg
554767988_1348410660626898_966144603252195527_n.jpg
554429954_1348410643960233_1408510768500249656_n.jpg
555406794_1348410557293575_1354142456702444699_n.jpg
554992968_1348410480626916_203481700188770216_n.jpg
555401350_1348410390626925_2960177574861237888_n.jpg
555506377_1348409727293658_5885007927177602238_n.jpg
553325944_1348410517293579_6489443447180529894_n.jpg
554754604_1348410387293592_7706923399213334046_n.jpg
553535986_1348410330626931_7288334965619246750_n.jpg
555541135_1348410310626933_2846666186824295386_n.jpg
555545322_1348410217293609_6324835127164425934_n.jpg
555504181_1348410187293612_7310542969430766345_n.jpg
554112874_1348409743960323_7656452626996547371_n.jpg
554536747_1348410167293614_4637866094510276322_n.jpg
553327162_1348410063960291_163904307830632889_n.jpg
554110384_1348410077293623_3037579530341162198_n.jpg
553823614_1348410020626962_4044558077944419641_n.jpg
554657274_1348409943960303_800905147140566229_n.jpg
553267603_1348409977293633_9070119970388592612_n.jpg
553350734_1348409887293642_2632429948057994193_n.jpg
555441432_1348409833960314_1674859380317957906_n.jpg
555413941_1348409830626981_6510973646356645664_n.jpg
555545444_1348409650626999_4287010996072033216_n.jpg
553413275_1348409660626998_4639206729935424148_n.jpg
554902992_1348409707293660_8480136706267131263_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын юбилейлик 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында, мамлекет башчысы Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, азыркы Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Андан соң ошол эле күнү президент АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Экинчи күнү президент БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты, ага дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары жана делегациялар катышышты.

"Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы - биргелешип аракеттенүү» деген ураан менен ачылды.

Андан ары Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бир катар жолугушуулар болуп өттү: анын ичинде президент Садыр Жапаров Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-австриялык кызматташтыктын маселелери талкууланды, анын ичинде экономика, инвестиция, экология жана туризм чөйрөсү бар.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Намибиянын президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту, анда тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибиялык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты (эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөн).

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Габон Республикасынын президенти Брис Клотер Нгема менен жолукту.

Бул жолугушууда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Президенттин кийинки сүйлөшүүсү Гвинея-Бисаунун президенти Умару Сисоку Эмбало менен болду.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер диалогду өнүктүрүү ниетин ырастап, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоого макулдашышты.

Андан ары Садыр Жапаров АКШ Президентинин Глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Дебаттардын алдында мамлекет башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыска жолугушуу өткөрдү. Лидерлер аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, КМШ мамлекет башчыларынын алдыдагы Саммити боюнча маселелерди макулдашты.

Ошол эле жерде президент Садыр Жапаровго Франциянын президенти Эмануэль Макрон менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Лидерлер эл аралык күн тартибин да талкуулашты.

Андан кийин президент БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанга каршы адилетсиз санкцияларды алып салууга, тоңдурулган афган активдерин афган элине кайтарууга жана Палестинадагы геноцидди токтотууга чакырды.

Садыр Жапаров ошондой эле өзөктүк куралдан баш тартууну, тынчтыкты орнотуу ишмердүүлүгүн күчөтүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен аракеттерин колдоду.

Андан соң ошол күнү мамлекет башчылары үчүн АКШнын президенти Дональд Трамптын жана АКШнын Биринчи айымынын атынан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына карата кабыл алуу болду.

Сапардын үчүнчү күнү мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү. Андан соң Башкы ассамблеянын алкагында президент Садыр Жапаров Тонга Королдугунун премьер-министри Аисаке Эке менен жолукту.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагындагы демилгелерди өз ара колдоого макулдашышты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн.

24-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууда өткөн жумада Үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салым (УДАС) боюнча документ кабыл алынганын белгиледи.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушууларды жыйынтыктап, президент Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен кыска сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы жыйынында да сөз сүйлөдү.

Жыйындын аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүп жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарын аяктап, 25-сентябрда Бишкек шаарына кайтты.