Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачты

Президент 2874 15 Сентябрь 2025 15:46
548865729_1338649201603044_8311555327505572148_n.jpg
547030634_1338648714936426_1753603679351157919_n.jpg
548446087_1338648574936440_6217735836193385909_n.jpg
548528883_1338648588269772_1814910818863706089_n.jpg
547476907_1338648571603107_1610178993333269816_n.jpg
548185124_1338649471603017_4431073829158219446_n.jpg
547640382_1338648611603103_40095152135219898_n.jpg
547219806_1338649461603018_898078094507016116_n.jpg
547239003_1338649421603022_1243247887637614750_n.jpg
547508969_1338649318269699_2489299867289839349_n.jpg
548055203_1338649341603030_3700874967940253445_n.jpg
547297788_1338649304936367_6012961151760617991_n.jpg
548466016_1338649218269709_3631066543738047539_n.jpg
547826465_1338649184936379_7636562957936061740_n.jpg
547376612_1338649084936389_2493644665545273479_n.jpg
548654806_1338649094936388_2237584968563284183_n.jpg
547933388_1338649064936391_2502249936100353738_n.jpg
548974779_1338648958269735_4537150199677574149_n.jpg
548485485_1338648981603066_4734665543072916175_n.jpg
548452181_1338648941603070_6456599786900821083_n.jpg
547525455_1338648871603077_5547486234197758012_n.jpg
549455498_1338648854936412_2173247316689686437_n.jpg
547495457_1338648634936434_7073488317411461939_n.jpg
547738921_1338648828269748_7358558378600344976_n.jpg
547638260_1338648734936424_5574393848045979140_n.jpg
548521060_1338648748269756_6657321365609527458_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздүн билим берүү жана дин тармагында дагы бир жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи. Ислам академиясы – агартуунун, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарына таянуунун символу боло турган мекеме.

Садыр Жапаров архивдик булактардагы маалыматтарды келтирүү менен, Борбор Азияда “ислам ренессансынын” жаралышына Сиражудин Аль-Оши, Имам Серахси-Узгенди, Кадыйхан Узгенди, Жусуп Баласагуни, Махмуд Кашгари-Барскани ж.б. ата-бабаларыбыз өз салымдарын кошконун дүйнө жүзү жакшы билерин белгилеп өттү.

“Азыр биз турган жерде Бурана мунарасы менен таанылган, Улуу Жибек жолунун боюндагы береке-куту төгүлгөн бул аймактан кезинде адеп-ахлак баалуулуктарын, илим жана билимди, ислам маданиятын бийик деңгээлге көтөргөн улуу ойчул бабабыз Жусуп Баласагын жашап өткөн эмеспи”, - деди президент.

Ал ошондой эле Кыргызстанда дин жана билим берүү маселелерине байланыштуу укуктук ченемдер жалпы дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырылганын өзгөчө белгиледи. Бул багытта негизги укуктук база 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана 1981-жылдын 25-ноябрында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган “Диндин жана ынанымдардын негизинде сабырсыздыктын жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө” декларация болду.

Ислам академиясы теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы катары мамлекет башчысынын жарлыгы менен түзүлгөн.

Кампустун аянты 2 га түзөт, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкталган.

Академиянын өзгөчөлүгү – ал мамлекеттик бюджеттен каржыланып, өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатына шайкеш иш жүргүзүп, салттуу ислам дининин баалуулуктарын илимий негизде изилдөөнүн жана жайылтуунун кепилдиги болуп бермекчи.

Буга байланыштуу объективдүү, систематикалык жана илимге негизделген салтуу ислам баалуулуктарына ылайык диний билимге муктаждык өсүп жатат. Ислам академиясы бул муктаждыкка жооп катары болуп саналат.

Мамлекет башчысы белгилегендей, академиянын негизги миссиясы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү ислам каржылоосунун актуалдуулугун эске алганда, академияда ислам финансылык системалары, ислам банкинги жана экономикалык долбоорлор боюнча билим берүү программалары да иштелип чыгат.

“Академияда имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулуп, заманбап талаптарга жооп берген чоң илимий китепкана түзүлмөкчү. Буюрса, мындай аракеттер менен Академия улуттук эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда сыймыктуу илим жана билим берүү борборуна айланат”, - деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле мектептерде окутулуп жаткан “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаш муундун диний сабаттуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи. Бул сабак ар түрдүү диний түшүнүктөргө критикалык жана сабаттуу мамилени калыптандырат, дүйнөлүк диндердин тарыхый жол-жобосу, ар кыл маданий жана философиялык агымдар жөнүндө объективдүү маалымат берүү менен, диний радикалдашууга каршы интеллектуалдык иммунитетти калыптандырууну шарттайт. Демек, бул предметти окутууда квалификациялуу мугалимдер жана мазмундуу окуу материалдары менен камсыз кылуу керек.

Бул контекстте мамлекет башчысы маанилүү милдеттерди белгилеп өттү:

  1. Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
    2. Илимий-изилдөө, методикалык, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү;
    3. Жогорку квалификациялуу теолог-адистерди даярдоо;
    4. Диний уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекет алдындагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарышын камсыздоо сыяктуу милдеттер турат.

“Буга чейин жаштарыбыздын диний билимин тереңдетүүгө мынчалык шарттар түзүлгөн эмес. Эми минтип, салттуу исламды сапаттуу окута турган академиялык жогорку билим берүү жайы ачылып олтурат. Мындан ары илим издеп, чет өлкөлөп окуунун анчалык деле зарылчылыгы жок. Андыктан биздин келечегибиз болгон жаштарыбызды өзүбүздөн – дүйнөлүк стандарттарга жооп берген Ислам академиясынан билим алууга чакырат элем”, - деди президент.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын Заид бин Султан Аль-Нахайян фондуна, илимий чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле академиянын бүтүрүүчүлөрү диний жана светтик илимдерди алдыга жылдырып, Кыргызстандын илимий жана билим берүү потенциалын чыңдап, улуттун сыймыгы болушат деген үмүтүн билдирди.

Андан соң президент Садыр Жапаров заманбап окуу жана компьютердик класстарды, жатакананы, ашкананы көрүп чыкты.