Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Бахрейнге келди

Президент 1238 21 Апрель 2025 14:30
DOS_7789.jpg
DOS_8492.jpg
DST_8998.jpg
DOS_8601.jpg
DOS_8600.jpg
DOS_8494.jpg
DOS_8493.jpg
DOS_7789.jpg
DOS_7788.jpg
DOS_7787.jpg
Алдыга
Артка
DOS_7789.jpg
DOS_8492.jpg
DST_8998.jpg
DOS_8601.jpg
DOS_8600.jpg
DOS_8494.jpg
DOS_8493.jpg
DOS_7789.jpg
DOS_7788.jpg
DOS_7787.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн Падышалыгына расмий сапары менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейндин Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана Королдуктун башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын президентинин Бахрейнге жасаган биринчи расмий сапары.