Президент Кочкор районунун тургундары менен жолугушту

Президент Загрузка... 23 Июнь 2026 23:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Кочкор районунда 2020-жылы курулуш, жол, ирригация, таза суу жана башка тармактарда, жалпысынан, 207 млн 500 миң сомдук иштер аткарылса, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 2 млрд 900 млн сомдук иштер жасалып, салыштырмалуу 14 эсеге өсүш болгонун баса белгиледи.

2020-жылдан 2025-жылга чейин 28 социалдык объекти пайдаланууга берилди.

Бул жылдар аралыгында Кочкор районунда 8 мектеп жана 4 бала бакча курулду. Ошону менен катар билим берүү тармагын санариптештирүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатында 700дөн ашуун мугалим ноутбук менен камсыздалды.

“Билим жаатында Кочкор өрөөнү үчүн соңку сонун кабарды мен бүгүн дагы кайталап айта кетейин. Быйыл “Алтын сертификат” алган мыкты бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 1-орунду Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептин окуучусу Айдай Абылаева 239 балл менен ээлегендигине мен дагы абдан сүйүнүп турам. Ошондой эле Кочкор районунан, жалпысынан, 4 окуучу эң жогорку жыйынтык көрсөтүптүр.
Албетте, бул ийгиликтер, биринчи кезекте, мугалимдердин кесипкөйлүгүнүн, үзүрлүү эмгегинин жана мамлекет тарабынан билим берүү тармагына түзүлгөн шарттардын натыйжасы болуп саналат”, - деди президент жана райондун бардык мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Ал Кочкор районунда республикалык бюджеттин эсебинен 217 батирлүү, 5 кабаттуу 8 турак үйдүн, заманбап үлгүдөгү жаңы автобекеттин, Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жана Юстиция үйүнүн административдик имараттарынын курулуштары кызуу жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле жаңы орто мектептер дагы курулууда.

Мындан тышкары президент белгилегендей, Кочкор райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин бокс жана күрөш залдарына, “Сейил” эс алуу багына жана стадионго реконструкция иштери жасалууда.

Ал заман талабындагы башкы пландын жоктугунан өткөн жылдары көптөгөн жер тилкелери башаламан тартипте берилип келгенин баса белгиледи. Азыркы учурда мамлекет тарабынан айылдардын башкы пландарын бекитүү жана жер амнистиясынын алкагында жер маселелерин жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ал эми бул ишти аягына чыгаруу облус жана район жетекчилигинин көзөмөлүндө болот.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы оң өзгөрүүлөр тууралуу да айтып берди.

“Республикалык бюджеттен Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна 2 тез жардам автоунаасы, 4 жеңил автоунаа, 38 млн сомдук медициналык жабдыктар алынып берилди. Ошондой эле чет элдик инвесторлорду тартуу менен акыркы беш жыл аралыгында 24 млн 800 миң сомго 10 фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилди”, - деди Садыр Жапаров жана 2025-жылдын сентябрь айынан баштап ири заманбап медициналык төрт кабаттуу имарат курулуп жатканын кошумчалады.

Ооруканада бейтаптар үчүн кыркка жакын палата, төрөт, хирургия бөлүмдөрү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация бөлүмү каралган. Ал эми жаш кадрларга эки бөлмөлүү 10 кызматтык үй салуу пландалууда.

Президент 2020–2025-жылдар аралыгында райондун айыл чарбасы менен өндүрүш тармагына бир катар колдоолор, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүү аркылуу фермерлерге олуттуу көмөк көрсөтүлүп келерин айтты. “Айыл чарбасын каржылоо” программаларынын алкагында 6 пайыздык үстөк менен 1 млрд 320 млн сом акча каражаты мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, техникаларды жаңылоого жана кайра иштетүү тармагын кеңейтүүгө берилди.

“Өнүккөн сайын суроо-талап да өсүп, дыйкандар тарабынан каржылоонун көлөмүн көбөйтүү өтүнүчтөрү айтылып жатканынан кабарым бар. Биз тиешелүү министрликтер менен бул маселени караштырып жатабыз.
Айыл чарбасын өнүктүрүүдө сугат суу системасы өзгөчө мааниге ээ. Кочкордо курулушунун жалпы суммасы 16 млн АКШ долларын түзгөн Шамшы суу сактагычын быйыл ишке берүү пландалууда. Анын натыйжасында 1704 гектар жерге суу берүү жакшыртылып, 1060 гектар кошумча жаңы сугат жери өздөштүрүлөт. Бул дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп, дагы көп жерге чөп-чар, эгин-тегин айдалып, айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болот”, - деди мамлекет башчысы.

Соңунда президент темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу жана аларды эл аралык транспорт коридорлоруна интеграциялоо өлкөнүн транзиттик, соода жана экономикалык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Бул айыл чарбасын, өнөр жайын жана туризмди өнүктүрүүнү өбөлгөлөп, ошондой эле соода-логистикалык борборлорду куруу жана аймактарда ишкердикти жандандыруу үчүн шарттарды түзөт.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.