Президент Садыр Жапаров карабах аттарынын «Жеңиш» шоусуна катышты

Президент 1650 03 Июль 2025 23:26
IMG_20250703_232633_342.jpg
IMG_20250703_232633_543.jpg
IMG_20250703_232633_025.jpg
IMG_20250703_232632_975.jpg
IMG_20250703_232633_338.jpg
IMG_20250703_232633_046.jpg
IMG_20250703_232633_161.jpg
IMG_20250703_232633_474.jpg
IMG_20250703_232633_034.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250703_232633_342.jpg
IMG_20250703_232633_543.jpg
IMG_20250703_232633_025.jpg
IMG_20250703_232632_975.jpg
IMG_20250703_232633_338.jpg
IMG_20250703_232633_046.jpg
IMG_20250703_232633_161.jpg
IMG_20250703_232633_474.jpg
IMG_20250703_232633_034.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» деп аталган шоу-программасына катышты.

Иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында өттү.

Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана байыркы жылкычылык салттарын чагылдырган карабах аргымактарынын оюндары көрсөтүлдү.

Көрүүчүлөргө улуттук кийимчен атчандардын катышуусундагы көркөм шоу-программа тартууланып, алар ат минүүнүн классикалык жана элдик мектебинин элементтерин жана ат үстүндө ойнолуучу оюндарды көрсөтүштү.

Оюндардын алдында атчандар Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тууларын салтанаттуу түрдө көтөрүп чыгышты.

Көрсөтүү азербайжандын салттуу музыкасы жана улуттук бийлери менен коштолду.