Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко келди

Президент 1216 23 Сентябрь 2025 07:55
553513113_1345737437560887_3837674983109280268_n (1).jpg
550629791_1345737467560884_965187067096321733_n.jpg
551959161_1345737447560886_4687989784656023965_n.jpg
551140279_1345737474227550_1665818153125779620_n.jpg
551271680_1345737520894212_4301845459045397536_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 23-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.

Мындан тышкары БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өтөт.