Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга келди

Президент 1107 31 Август 2025 09:22
IMG_20250831_102143_416.jpg
IMG_20250831_102143_352.jpg
IMG_20250831_102143_477.jpg
IMG_20250831_102142_890.jpg
IMG_20250831_102143_245.jpg
IMG_20250831_102143_164.jpg
IMG_20250831_102143_358.jpg
IMG_20250831_102143_230.jpg
IMG_20250831_102143_229.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250831_102143_416.jpg
IMG_20250831_102143_352.jpg
IMG_20250831_102143_477.jpg
IMG_20250831_102142_890.jpg
IMG_20250831_102143_245.jpg
IMG_20250831_102143_164.jpg
IMG_20250831_102143_358.jpg
IMG_20250831_102143_230.jpg
IMG_20250831_102143_229.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Тяньцзинь шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы "Биньхай" эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто мамлекеттик туулар илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын илим жана техника министри Инь Хэчжун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болот.