Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды

Президент 726 15 Май 2026 12:20
700103841_1556117723189523_7781295434560946788_n (1).jpg
697792804_1556117823189513_7143119130244048667_n.jpg
700872213_1556117726522856_6560343436573965325_n.jpg
699122103_1556117729856189_6633711561279775726_n.jpg
Алдыга
Артка
700103841_1556117723189523_7781295434560946788_n (1).jpg
697792804_1556117823189513_7143119130244048667_n.jpg
700872213_1556117726522856_6560343436573965325_n.jpg
699122103_1556117729856189_6633711561279775726_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда иш сапары менен Казакстанга барды.

Мамлекет башчысынын учагы Түркстан шаарындагы Хазрет Султан атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторунда ТМУга мүчө-мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Саммиттин ишине ТМУга мүчө-мамлекеттердин: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун башкы катчысы катышмакчы.

“Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү” темасына арналган иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасын тааныштырат.

Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулат, анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар.

Бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп калат.