Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда иш сапары менен Казакстанга барды.
Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Беларусь, Казакстан, Россия башчылары жана Армения вице-премьер-министри менен биргелешип Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышат, ошондой эле Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборундагы көргөзмөгө барат.