Президент Садыр Жапаров Бишкекте «Алга» спорт комплексин ачты

Президент 2573 13 Июнь 2025 23:22
FB_IMG_1749835769805.jpg
FB_IMG_1749835765148.jpg
FB_IMG_1749835770395.jpg
FB_IMG_1749835772471.jpg
FB_IMG_1749835774022.jpg
FB_IMG_1749835777957.jpg
FB_IMG_1749835778505.jpg
FB_IMG_1749835782722.jpg
FB_IMG_1749835783223.jpg
FB_IMG_1749835785777.jpg
FB_IMG_1749835787660.jpg
FB_IMG_1749835789674.jpg
FB_IMG_1749835797043.jpg
FB_IMG_1749835803902.jpg
FB_IMG_1749835805751.jpg
FB_IMG_1749835806787.jpg
FB_IMG_1749835806424.jpg
FB_IMG_1749835807093.jpg
FB_IMG_1749835811349.jpg
FB_IMG_1749835813201.jpg
FB_IMG_1749835816801.jpg
FB_IMG_1749835824251.jpg
FB_IMG_1749835826871.jpg
FB_IMG_1749835831373.jpg
FB_IMG_1749835840674.jpg
FB_IMG_1749835842700.jpg
FB_IMG_1749835844456.jpg
FB_IMG_1749835854823.jpg
FB_IMG_1749835856458.jpg
FB_IMG_1749835857552.jpg
FB_IMG_1749835858692.jpg
FB_IMG_1749835861573.jpg
FB_IMG_1749835863191.jpg
FB_IMG_1749835866304.jpg
FB_IMG_1749835867547.jpg
FB_IMG_1749835871324.jpg
FB_IMG_1749835873887.jpg
FB_IMG_1749835876686.jpg
FB_IMG_1749835877565.jpg
FB_IMG_1749835886902.jpg
FB_IMG_1749835888349.jpg
FB_IMG_1749835896283.jpg
FB_IMG_1749835930848.jpg
FB_IMG_1749835932326.jpg
FB_IMG_1749835933692.jpg
FB_IMG_1749835936561.jpg
FB_IMG_1749835938652.jpg
FB_IMG_1749835940243.jpg
FB_IMG_1749835942562.jpg
FB_IMG_1749835943642.jpg
FB_IMG_1749835947888.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1749835769805.jpg
FB_IMG_1749835765148.jpg
FB_IMG_1749835770395.jpg
FB_IMG_1749835772471.jpg
FB_IMG_1749835774022.jpg
FB_IMG_1749835777957.jpg
FB_IMG_1749835778505.jpg
FB_IMG_1749835782722.jpg
FB_IMG_1749835783223.jpg
FB_IMG_1749835785777.jpg
FB_IMG_1749835787660.jpg
FB_IMG_1749835789674.jpg
FB_IMG_1749835797043.jpg
FB_IMG_1749835803902.jpg
FB_IMG_1749835805751.jpg
FB_IMG_1749835806787.jpg
FB_IMG_1749835806424.jpg
FB_IMG_1749835807093.jpg
FB_IMG_1749835811349.jpg
FB_IMG_1749835813201.jpg
FB_IMG_1749835816801.jpg
FB_IMG_1749835824251.jpg
FB_IMG_1749835826871.jpg
FB_IMG_1749835831373.jpg
FB_IMG_1749835840674.jpg
FB_IMG_1749835842700.jpg
FB_IMG_1749835844456.jpg
FB_IMG_1749835854823.jpg
FB_IMG_1749835856458.jpg
FB_IMG_1749835857552.jpg
FB_IMG_1749835858692.jpg
FB_IMG_1749835861573.jpg
FB_IMG_1749835863191.jpg
FB_IMG_1749835866304.jpg
FB_IMG_1749835867547.jpg
FB_IMG_1749835871324.jpg
FB_IMG_1749835873887.jpg
FB_IMG_1749835876686.jpg
FB_IMG_1749835877565.jpg
FB_IMG_1749835886902.jpg
FB_IMG_1749835888349.jpg
FB_IMG_1749835896283.jpg
FB_IMG_1749835930848.jpg
FB_IMG_1749835932326.jpg
FB_IMG_1749835933692.jpg
FB_IMG_1749835936561.jpg
FB_IMG_1749835938652.jpg
FB_IMG_1749835940243.jpg
FB_IMG_1749835942562.jpg
FB_IMG_1749835943642.jpg
FB_IMG_1749835947888.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon пре

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты.

Иш-чаранын алдында мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты.

Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, воркаут-зонаны жана кичи футбол талаасын көрүп чыкты.

Президент спорт комплекстин ачылыш салтанатында сөз сүйлөп, борбор калаабыз өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий очогу катары өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү бара жатканын өзгөчө белгиледи.

Ал бардык тармактарда курулуш иштери кызуу жүрүп жатканына жалпы эл күбө экенин белгиледи. Утурумдук ыңгайсыздык болгону менен, Бишкектин жашоочулары жана ордо шаарыбызга келген меймандар үчүн жайлуу жана башка жакшы шарттарды түзүүгө болгон күч-аракет жумшалууда. Себеби Бишкек – бул өлкөбүздүн жүзү.

“Борборубузда спорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткандыгы – мына ошондой иш-аракеттерибиздин бир бөлүгү.
Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай — заманбап, көп тармактуу “Алга” спорт комплекси дагы ошол алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили.
Бул саамалык — калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, - деди Садыр Жапаров.

Ал спорт комплекстин жарым кылымдан ашуун бай тарыхы бар экенин эске салды. Учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулуп, ошондон бери калаа тургундарына өз деңгээлинде кызмат көрсөтүп келген.

Президент ортодон бурулуштуу мезгилдер өтүп, башка бир катар объектилердей эле бул жай дагы кароосуз калгандыгын айрыкча, ушул аймактын тургундары жакшы билерин белгилеп өттү.

Комплексти реконструкциялоонун жүрүшүндө жер астындагы суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу кыйынчылыктар болгон. Дренаждар тазаланып, жер астындагы суулар тартылып, аянт тегизделди. Кара топурак төгүлүп, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Жасалган иштердин натыйжасында борборубуздун түндүк бөлүгүндө жайгашып, 7,4 гектар аянтты ээлеген спорт комплекси жигердүү жаштарды кабыл алууга жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө толук даяр.

“Бул жерде ар кыл спорт түрлөрү боюнча машыгууга, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. Бул боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тасмадан көрө алдыңыздар. Анда айтылгандай, спорт комплексинин аймагында FIFA-4 стандартына ылайык жасалган 3000 орундуу футбол талаасы, машыгуу аянтчалары, көп функциялуу спорттук аянтча жана воркаут-зонасы, кичи-футбол талаасы – булардын баары эл аралык деңгээлге чыгууга умтулуу экенин байкоого болот”, - деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары заман талаптарына ылайык, мейманкана, ден соолукту чыңдоочу комплекс, 150дөн ашык унаа бата турган унаа токтотмосу, насостук станция, суу сактагыч жана откана да курулду.

“Ошондой эле Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлүп, веложол, жөө кишилер үчүн жол салынып, асфальт төшөлдү. Комплекстин аймагына резина жабуусу бар чуркоо жолдору салынып, буюрса, спортчуларыбызга да жана калаа тургундарына да тиешелүү шарттар түзүлдү. Видеокамералар орнотулуп, коопсуздук маселеси да өзгөчө көңүл борборунда болду”, - деп баса белгиледи өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Ал бир кездерде тиешелүү шарттар болсо, эл аралык деңгээлде жетишкендиктерге жетер элек деп кыялдансак, эми минтип ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштаганын өзгөчө белгиледи. Дүйнө агымынан артта калбай, таланттуу жаштарыбызды ар тараптан сүрөөгө алуу маанилүү.

Президент жаңы спорт комплекс кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана шаар тургундарынын ден соолугуна кам көрүүсүнө чоң салым кошот деп үмүт артты.

Мамлекет башчысы “Алга” спорт комплекси — ден соолугу чың, сергек коомдун пайдубалы болоруна, аткарылган иштер элибизге кут, мамлекетибизге сыймык алып келерине ишенимин билдирди.

Ачылыш аземинен кийин “Алга” (Бишкек) жана “Барс” (Каракол) футболдук клубдарынын ортосунда Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун беттеши өтүп, ага Президент Садыр Жапаров катышты.

Жолугушуу 2:1 эсебинде “Барс” командасынын пайдасына аяктады.