Президент Садыр Жапаров "Айкөл" ордени менен сыйланды

Президент Загрузка... 11 Сентябрь 2025 13:42
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгындагы маанилүү багыттардын бири – дин жаатында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.

“Биз ыйман менен адептин, биримдик менен ынтымактын дини болгон Исламдын баалуулуктарын түрк дүйнөсүнүн улуттук наркы, салты менен айкалыштырып, жалпы элибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга тийишпиз. Бул, өз кезегинде, коомдун адеп-ахлагын чыңдайт.

Ошондуктан, сиздердин жыйыныңыздар жалпы түрк мамлекеттеринин руханий биримдигин бекемдеп, бир туугандык жана боордоштук мамилелерибизди арттырууда чоң мааниге ээ”, - деди президент.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын "Айкөл" ордени менен сыйланды.