Президент Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга 2 күн убакыт берди

Президент Жүктөлүүдө... 08 Май 2025 12:39
495385966_9670859252982229_1305145648845500296_n.jpg
495586525_9670859479648873_1428251166218287989_n.jpg
495287576_9670858992982255_8408337735104926984_n.jpg
495376563_9670859196315568_5442279373501686407_n.jpg
Алдыга
Артка
495385966_9670859252982229_1305145648845500296_n.jpg
495586525_9670859479648873_1428251166218287989_n.jpg
495287576_9670858992982255_8408337735104926984_n.jpg
495376563_9670859196315568_5442279373501686407_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, борборго барууга учурда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа жүргүзүлүп жаткан мекеменин иш жагдайынын оордугу тууралуу тынчсыздандырган белгилер себеп болду.

Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды.

Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн үч кайгылуу учуру катталды.

Чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришти.

Диагностика так маалыматтарды бербеген бир эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок – жабдуу каражаттары башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда.

Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өрчүгөн инфекция менен келип жатышат.

Мамлекет башчы өтө катуу нааразычылыгын билдирип, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жол берилгис жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алды.

"Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем", - деген Садыр Жапаров Эркин Чечейбаевге сөгүш жарыялоону тапшырды.