Орто-Сай базарындагы абал: Мэрия бир нече жетекчини иштен алды

Коом Загрузка... 23 Март 2026 20:00
DSC_2959.jpg

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Орто-Сай базарынын абалынын айынан мэриянын бир катар жетекчилери кызматынан бошотулуп, айрымдарына сөгүш берилди.

Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүн мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында пландык кеңешме өттү.

Жыйындын алкагында дем алыш күндөрү Орто-Сай базарына жүргүзүлгөн кыдыруунун жыйынтыктары каралды.

Шаар башчысы базардын учурдагы абалына нааразычылыгын билдирди. Бир жыл ичинде аймакты жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүнө карабастан, жооптуу кызматтар тарабынан тийиштүү туруктуу көзөмөл камсыздалган эмес. Натыйжада абал кайрадан мурдагы кейпине келип, башаламан соода жанданып, аймактын жалпы көрүнүшү начарлаган.

Ага ылайык, жыйында бир катар чечимдер кабыл алынды:

  • Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев кызматынан бошотулду;
  • Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматынан бошотулду.

Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн дисциплинардык чаралар көрүлдү:

  • мэрдин орун басарлары Азамат Кадыровго жана Рамиз Алиевге эскертүү берилди;
  • "Шаардык жол-транспорттук инфраструктура" муниципалдык ишканасынын башчысы Асылбек уулу Бакайга жана Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирланбек Таалайбековго сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу кароого алынды.