Садыр Жапаров Оштогу полимер түтүктөрүн чыгаруучу заводго барды

Президент 1836 10 Апрель 2026 13:35
photo_5386735815460851889_y.jpg
photo_5386735815460851882_y.jpg
photo_5386735815460851890_y.jpg
photo_5386735815460851888_y.jpg
photo_5386735815460851887_y.jpg
photo_5386735815460851884_y.jpg
photo_5386735815460851878_y.jpg
photo_5386735815460851883_y.jpg
photo_5386735815460851881_y.jpg
photo_5386735815460851886_y.jpg
photo_5386735815460851880_y.jpg
photo_5386735815460851879_y.jpg
photo_5386735815460851877_y.jpg
photo_5386735815460851876_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5386735815460851889_y.jpg
photo_5386735815460851882_y.jpg
photo_5386735815460851890_y.jpg
photo_5386735815460851888_y.jpg
photo_5386735815460851887_y.jpg
photo_5386735815460851884_y.jpg
photo_5386735815460851878_y.jpg
photo_5386735815460851883_y.jpg
photo_5386735815460851881_y.jpg
photo_5386735815460851886_y.jpg
photo_5386735815460851880_y.jpg
photo_5386735815460851879_y.jpg
photo_5386735815460851877_y.jpg
photo_5386735815460851876_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.

Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөр болуп “Таза суу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.

Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.

2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды. Муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.

Мамлекет башчысы продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды.

Президент ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгиледи.