Президент Оштогу ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Президент 1015 29 Август 2025 16:30
5298900074941773950.jpg
5298900074941773954 (1).jpg
5298900074941773956.jpg
5298900074941773955.jpg
5298900074941773953.jpg
5298900074941773952.jpg
5298900074941773951.jpg
Алдыга
Артка
5298900074941773950.jpg
5298900074941773954 (1).jpg
5298900074941773956.jpg
5298900074941773955.jpg
5298900074941773953.jpg
5298900074941773952.jpg
5298900074941773951.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан "Асман Резиденс-1" турак жай комлексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Темиркул Балтабаев мында 12 кабаттуу 8 үй курулуп жатканын маалымдады. Батирлердин жалпы саны – 543.

Бүгүнкү күндө алтынчы кабатка чейин жылуулоо иштери жүрүүдө, алтынчы кабаттан он экинчи кабатка чейин сырткы дубалдары көтөрүлүп, фасадын кооздоо, ички жасалгасы жана терезе коюу иштери жасалып жатат.

Долбоор боюнча спорттук жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтотуучу жай, коомдук тамактануу объекттери жана соода борборлору каралган. Турак жай комплекси жалпы аянты 1,3 га жерде жайгашкан.

Президент Садыр Жапаров аткарылып жаткан иштердин жана колдонулуучу курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.