Президент: Облус жетекчилери жергиликтүү эл менен жолугушат

Президент Загрузка... 01 Май 2026 16:16
IMG_3842.jpeg

Бишкек, 01.05.26 /Кабар. 11-майдан тарта облустук деңгээлдеги жетекчилер ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысы Ош облусунда шаардын жана облустун жети районунун тургундары менен жолугушкан учурда алар көтөргөн маселелердин 80 пайызы райондук, облустук деңгээлде маселелер болгон. Калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болуп чыккан.

“Көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган - социалдык жардам, үй салууга жер тилкесин берүү, документтерин калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктардын корголушу, “айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду, адилетсиз камап койду” деген өңдүү ж.б. даттануулар.

Алар ошол эле айыл өкмөт, ал болбосо район акими, анын алы жетпесе облустардагы менин өкүлдөрүм – губернаторлор тарабынан чечилчү маселелер экен. Эми менин тапшырмам менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүм баш болуп, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилери ушул бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин карашат.

Май-июнь айларында айыл өкмөттөрдөгү ар бир жолугушуу УТРК, ЭлТРдин облустук эфирлеринде жана соцтармактагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт. Түз эфирлерди убактыма жараша өзүм көрүп турам.

Октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан кайталанат. Анда дагы түз эфир уюштурулат.

Президент ошондой эле жетекчилерге төмөндөгүчө кайрылды:

“Талаштуу маселе болсо, жоопкерчиликти жалгыз алуудан тайсалдап жатсаңыздар жеринде тараптардын жүйөөлөрүн угуп, өз ара кеңешип, калыс карап, адилет чечип бериңиздер. Бирок эптеп эле шылтоо таап, борборго жүктөп коюу аракети суу кечпей турганын алдын ала эскертемин!

Жазында айтылган көйгөй айтылган боюнча күзгө чейин чечилбей калып кете турган болсо, таарынбаңыздар. Губернатор баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыласыздар.

Биз силерге үмүт артып, макулдугуңуздарды алып, элге ак кызмат кылуу менен ошол аймакты өнүктүрүүгө акыл дарамети, уюштуруучулук жөндөмү жетет деген ишеним менен ишке коюп жатабыз.

Биздин ишенимди актабай, ошол жерди, ошол элди өнүктүрүүгө далалат кылбай, көптүн бири болуп басып жүрө бере турган болсоңор, албетте чара көрүлүшү кажет.

Бул – менин да, элдин да жана азыркы мезгилдин да талабы. Жолугушууларда айтылган көйгөйлөр тез-тез чечилсин. Жоопкерчилик алуудан качпагыла!

Айыл өкмөт башчысынан тартып, аким, облус жетекчиси жана бардык министрликтердин жергиликтүү деңгээлдеги кызматкерлери “элге кызмат кылабыз” деп келгениңиздерди эстен чыгарбаңыздар!

Күздөгү жолугушууларда май-июнда айтылган көйгөйлөрдүн чечилбей калгандыгынын себептерин да териштирип карайбыз. Эгер чындап эле облустук деңгээлде чечилбей турган болсо, маселени президенттик администрацияга же министрлер кабинетине жолдойсуздар”.

Андан сырткары, президент тургундарга да кайрылды.

“Сиздер дагы бекитилген графиктерге көз салып, ар бириңиздер өзүңүздөрдүн айыл өкмөттөгү жолугушуулардын качан, кайсыл жерде өтөрүн төмөнкү тизмеден карап, барып катышып, көйгөйлүү маселеңерди айтыңыздар. Ал жакка барганда зарыл кагаздар болсо аларды жаныңыздарга алып алып, жолугушууга келген жетекчилерге көйгөйлөрүңөрдү так айтып, чечип алыңыздар. Жолугушуулар түз эфирде көрсөтүлөрүн эске алуу менен, тартипти сактап, маданияттуу болуңуздар”,-деп өтүндү өлкө башчысы.