Президент Ноокатта: Суу, жол жана социалдык маселелер боюнча тапшырмалар берилди

Президент 1674 15 Апрель 2026 15:55
photo_5404758838264665067_y.jpg
photo_5404758838264665068_y.jpg
photo_5404758838264665065_y.jpg
photo_5404758838264665047_y.jpg
photo_5404758838264665066_y.jpg
photo_5404758838264665045_y.jpg
photo_5404758838264665057_y.jpg
photo_5404758838264665053_y.jpg
photo_5404758838264665055_y.jpg
photo_5404758838264665056_y.jpg
photo_5404758838264665039_y.jpg
photo_5404758838264665054_y.jpg
photo_5404758838264665052_y.jpg
photo_5404758838264665051_y.jpg
photo_5404758838264665049_y.jpg
photo_5404758838264665050_y.jpg
photo_5402507038450980097_y.jpg
photo_5402507038450980096_y.jpg
photo_5404758838264665048_y.jpg
photo_5404758838264665037_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5404758838264665067_y.jpg
photo_5404758838264665068_y.jpg
photo_5404758838264665065_y.jpg
photo_5404758838264665047_y.jpg
photo_5404758838264665066_y.jpg
photo_5404758838264665045_y.jpg
photo_5404758838264665057_y.jpg
photo_5404758838264665053_y.jpg
photo_5404758838264665055_y.jpg
photo_5404758838264665056_y.jpg
photo_5404758838264665039_y.jpg
photo_5404758838264665054_y.jpg
photo_5404758838264665052_y.jpg
photo_5404758838264665051_y.jpg
photo_5404758838264665049_y.jpg
photo_5404758838264665050_y.jpg
photo_5402507038450980097_y.jpg
photo_5402507038450980096_y.jpg
photo_5404758838264665048_y.jpg
photo_5404758838264665037_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасынын абалы, мектептерди жана бала бакчаларды куруу жана иштетүү, ошондой эле жер тилкелерин каттоо жана мүлктүк талаш-тартыштарды чечүү маселелерин көтөрүштү.

Жарандардын укуктарын коргоо маселелерине, анын ичинде курулуш компанияларынын ишине, соттук териштирүүлөргө жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Муну менен катар калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо, турак жай менен камсыз кылуу, ошондой эле этникалык кыргыздар үчүн документтештирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кайрылуулар болду.

Диалогдун жүрүшүндө билим берүү системасын өнүктүрүү, окутуу усулдарын өркүндөтүү, педагогдордун эмгегин таануу, ошондой эле маданий демилгелерди жүзөгө ашыруу маселелери көтөрүлдү. Айрым кайрылуулар санитардык абалга, калктуу конуштарды көрктөндүрүүгө жана көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга байланыштуу болду.

Президент эл менен түз диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык айтылган маселелер системалуу жана өз убагында чечүүнү талап кыларын билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле 10-майдан баштап бардык айыл өкмөттөрүндө эл менен жолугушуулар өткөрүлөрүн айтты. Ага жергиликтүү бийлик органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери катышат. Бул иш жарандардын кайрылууларына түздөн-түз жеринде ыкчам жооп берүү үчүн уюштурулууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу иштеп чыгуу, зарыл чараларды көрүү жана жарандардын укуктарынын сакталышына жана социалдык маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.