Президент мамлекеттин акчасын уурдагандар жазасыз калбай турганын эскертти

Президент Загрузка... 16 Июль 2025 16:15
IMG_20250714_2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, мамлекеттин акчасын уурдагандар жазасыз калбай турганын эскертти.

"Мамлекеттин акчасына кол салган бир дагы чиновник кеч болсо да жазасыз калбайт.

Ошондуктан азыртадан оңолгула. Биздин убагыбызда мамлекеттин акчасын уурдоо деген болбош керек", - деди ал.