Президент: Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшкөн акчаны эч ким жей албайт

Президент Загрузка... 12 Январь 2026 11:50
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшкөн акча каражатын эч ким жей албайт. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлерди үй ээлерине тапшыруу аземинен кийин тургундар менен жолукканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мурда келишим түзгөндөр документте батирдин чарчы метри канча доллар деп көрсөтүлсө, ошол баа менен ипотекасын төлөй берет. Эми “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлер 950 доллардан берилет.

“Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жана престиждүү деп эсептелген жерлердеги батирлерди 1400 долларга чейин берип жатабыз. Алардын чарчы метри 700 долларга чейин курулуп бүтөт. Жогору жактагы райондордогу батирлердин баасына кошулган 700 доллар толугу менен Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшүп жатат. Ал каражат 50 доллар гана кошулган батирлердин чыгымын жабат. Бул мамлекеттик компания болгондуктан, бирөөнүн да чөнтөгүнө бир тыйын түшпөйт. Компания курулуш менен алектенбейт, мен буга кескин түрдө каршы чыккам. Анткени курулуш башталды дегенде эле акча уурдалат. Материалды 50 сомго сатып алса, 100 сом деп көрсөтөт. Цементти 500 сомго алса, 1000 сом деп көрсөтөт. Мындай болсо, ипотекалык компания банкрот болуп, келечеги болбойт, кийинки балдарыбызга турак жай куруп бере албай калабыз. Ошол үчүн биз курулуш компанияларга батирлерди 700 долларга курууга берип жатабыз. Биз батирлерди 900, 1000 доллардан беребизби, ортодогу акча Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшөт. Мында эч ким эч нерсе жей албайт”, - деди Садыр Жапаров.