Сууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батир берилди

Министрлер кабинети 18 сентябрь 2026 15:50
6aacff47ae9ed.jpg
6aacff479f41e.jpg
6aacff46b4ca4.jpg
6aacff46dddb5.jpg
Алдыга
Артка
6aacff47ae9ed.jpg
6aacff479f41e.jpg
6aacff46b4ca4.jpg
6aacff46dddb5.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы менен жолугушту.

Минкаб төрагасы курман болгон куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, курман болгон кызматкердин жеке турак жайы жок болгондуктан, анын үй-бүлөсүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн каржы каражаты бөлүнгөн.

Бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев курман болгон кызматкердин жубайына батирдин документтерин жана жаңы турак жайдын ачкычын тапшырды.

Эске салсак, лейтенант Аскар Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын аркалап келген. 2026-жылдын 27-июнунда Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон. 

Президенттин жарлыгы менен лейтенант Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн "Эрдик" ордени менен каза болгондон кийин сыйланган.