Президент: Кыргызстандын жолдору 10–15 жылда толук асфальтталат

Президент 12 октябрь 2026 11:15
copyright icon www

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Кыргызстандын жолдору 10–15 жылда толук асфальтталат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жылына 1,5 миң чакырым жолго асфальт төшөлүүдө.

"Ар бир айылга, курорттук аймакка, керек болсо алыскы жайлоолорго чейин асфальт жеткиребиз. Бул 10–15 жылда бүтө турган иш. Жыл сайын 1500 чакырымдан асфальт төшөп турсак, ушул мөөнөттө толук бүтүрөбүз", — деди президент.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2027-жылдын аягына чейин мектеп көйгөйү чечилип бүткөн соң, 2028-жылдан тартып өлкөдөгү 4 миңге жакын айылдын баарына бала бакча куруу иштери башталарын белгиледи.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.