Президент: Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады

Президент
Президент: Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер талкууланган республикалык кеңешмеде өлкөнүн жетишкендиктерин ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жогорулатууга багыттоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Эми өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөткө камсыздоо жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турат.

"Жетишкендиктерди жана өсүштөрдү ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун арттырууга багыттоонун, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн узак жылдарга камсыздоонун жана келечек муундар үчүн күч-кубаттуу мамлекет куруунун милдети турат", - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешме өтүүдө.