Президент өнүгүүнүн үч шартын атады: Саясий эрк, тартип жана мамлекеттик кызыкчылык

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 13:05
4.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. "Бүгүн биз өлкөнүн өнүгүүсү жөнүндө айтып жатабыз. Эртең болсо региондо стратегиялык лидерликке чыгууга умтулабыз", - деди президент Садыр Жапаров "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.

"Биз ресурстары чектелүү жана деңизге чыга албаган өлкө болсок да, өнүгүүнүн жогорку динамикасын камсыз кылууга жөндөмдүү экенибизди далилдедик. Бирок бул үчүн үч шарт зарыл: сапаттуу башкаруу жана саясий эрк, институционалдык тартип жана мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктардан жогору коюу", — деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы дал ушул принциптердин негизинде 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын экономикасы кризистик абалдан чыгып, туруктуу, диверсификацияланган жана инвестиция үчүн жагымдуу абалга келгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, учурда "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча республикалык кеңешме өтүүдө.