Президент: Кыргызстан 2031-жылы Азия кубогун өткөрүүгө өтүнмө берди

Президент Загрузка... 24 Май 2025 10:35
IMG_4630_96Y5Qj2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.05.2025. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы жаңы стадиондун ачылыш аземинде өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кеңири пландарды жарыялады.

Мамлекет башчысы ошондой эле Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири курулуп жатканын, анын сыйымдуулугу — 51 миң орун экендигин белгиледи. Анын айтымында, бул объект өлкөнүн спорт тармагын өнүктүрүүгө жана эл аралык мелдештерди өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам болот.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2031-жылы өтө турган Азия кубогун өткөрүү үчүн Кыргызстан расмий түрдө өтүнмө бергендигин маалымдады.