Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган талапкерлердин көбү коррупциялык иштерге аралашканын билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул кызматка жалпы 10 талапкер каралган.
"Кечээ өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган 10 талапкердин ичинен тогузу коррупционер болуп чыкты. Аларга ушундай корутунду берилди. Дээрлик ар бир талапкер боюнча ар кандай фактылар аныкталды. Бирин карасаң — бир ишке аралашкан, экинчисин сунуштасаң — башка ишке аралашкан, үчүнчүсү — ар кандай схемаларга аралашыптыр", — деди Жапаров.