Президент Караколдогу реконструкцияланган сейил бакты көрүп чыкты

Президент 879 01 Июль 2026 14:00
735859093_895099066295878_2769496331490048542_n.jpg
1.jpg
730413656_4020891518213175_3467683116770113071_n.jpg
731199737_902652779518882_7493787785524460768_n.jpg
734339544_1019617390436824_7553802897538427299_n.jpg
731788058_1539846214260588_8463917256425591251_n.jpg
733146266_1780604032909477_43831969207791505_n.jpg
734128877_797549453351237_5009414319396486682_n.jpg
734455701_1339611544333617_3846218518505868119_n.jpg
734521963_26406020912407488_3245631956789697590_n.jpg
734685228_1416900160249071_797318695712872602_n.jpg
735178768_1728749101648662_5345257196888574400_n.jpg
735205329_1541081567466445_2702651622412953953_n.jpg
735393853_1009123801765435_3237603794693249102_n.jpg
735595197_1352811103476040_6751673124147930717_n.jpg
735687549_2034006677477563_7281793455960469440_n.jpg
735734787_1036414305473380_4243836300664244849_n.jpg
735810426_1313542330493314_224420468081595993_n.jpg
736207349_907539452392839_4395562783606392287_n.jpg
736441233_1659584755270717_2070810913982255853_n.jpg
736760103_993834913555407_5246949124105086807_n.jpg
736858234_1019545293818454_4275809989817073497_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы А. С. Пушкин атындагы сейил бакты реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөрү маалымдалды. Реконструкциянын алкагында административдик имарат жана амфитеатр курулуп, сегиз заманбап аттракцион, анын ичинде айланма дөңгөлөк жана америкалык "горкалар" орнотулду, каскаддуу жана кургак фонтандар, балдар оюн аянтчасы жана скейт аянтчасы курулду.

Мындан тышкары, сейил бактын аймагы көрктөндүрүлүп, жөө адамдар үчүн жолдор салынды, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, автоматтык сугаруу жана тышкы жарыктандыруу системалары орнотулду.

Ошондой эле президентке Каракол шаарында ишке ашырылып жаткан бир катар инфраструктуралык долбоорлор тааныштырылды. Алардын катарына Жылуулук электр борборунун курулушу, шаардагы 22 чакырым жолду капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, жарыктандыруу жана суу агызуу системаларын куруу, шаардык тарых музейин капиталдык реконструкциялоо жана реставрациялоо, эл аралык талаптарга жооп берген залдары бар көп функционалдуу спорт комплексин куруу, ошондой эле Т. Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатынын окуу имаратын оңдоо жана кошумча корпусун куруу кирет.

Мамлекет башчысына конгресс-холлдун курулушунун башкы планы да сунушталды. Долбоордо жалпы аянты 14,8 миң чарчы метрден ашкан заманбап комплексти куруу каралган. Анда маданий-оюн-зоок жана административдик-ишкердик аймактар бириктирилет.

Долбоорго ылайык, комплексте театралдык оюндарды, концерттерди жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган 800 орундуу чоң театр залы, ошондой эле эл аралык форумдарды, конференцияларды жана мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган конференция борбору жайгашат.

Сейил бакты реконструкциялоонун жүрүшү жана сунушталган долбоорлор менен таанышкандан кийин президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүнүн, заманбап коомдук жайларды жана социалдык-маданий багыттагы объектилерди түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.