Президент Караколдогу автобекеттин жаңыланган имараты менен таанышты

Президент 1532 08 Август 2025 17:00
514269549_1304922508309047_4116968718327750672_n.jpg
528484615_1304922454975719_7802376006628815771_n.jpg
514259922_1304922778309020_187179665967903865_n.jpg
514259840_1304922734975691_571774968128550594_n.jpg
514357313_1304922708309027_1085597794117210276_n.jpg
514403852_1304922614975703_3728626587856245078_n.jpg
514250549_1304922594975705_8736729034056022028_n.jpg
514283678_1304922578309040_3891675687619415150_n.jpg
520408987_1304922484975716_6741813812216970452_n.jpg
514274351_1304922481642383_7940190772235101004_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Каракол шаарында "Кыргыз Автобекети" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл автовокзалы" филиалынын башкы имаратын капиталдык оңдоо жана модернизациялоонун жыйынтыгы менен таанышты.

Буга чейин мамлекет башчысы 2024-жылдын май айында Караколго болгон иш сапарынын жүрүшүндө 1988-жылы ишке киргизилген автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүп, комплекстүү түрдө жаңылоону тапшырган.

Президентке бүгүнкү күндө "Ысык-Көл автовокзалы" суткасына 500дөн 1000ге чейин жүргүнчүгө тейлөө көрсөтө алары жана 76 каттам боюнча, анын ичинде 1 эл аралык, 16 облустар аралык, 17 облус ичиндеги шаарлар аралык, ошондой эле 42 шаар четиндеги жана райондук багыттар боюнча ташууларды камсыздай турганы тууралуу маалымдалды.

Садыр Жапаровго капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө чатыры алмаштырылганы, инженердик тармактар жаңыланганы, ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланганы, жаңы терезелер жана эшиктер, LED-экран жана трансляциялык түйүн орнотулганы, имараттын фасады жаңыланганы, ошондой эле аймак көрктөндүрүлгөнү тууралуу маалымат берилди.

Муну менен катар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автобекеттин аймагын асфальттоо иштерин жүргүзүүдө.

Президент Садыр Жапаров бардык иштер аяктагандан кийин Каракол автовокзалы заманбап, функционалдуу жана аймактын калкын жана конокторун тейлөөнүн жогорку стандарттарына жооп берген, ыңгайлуу транспорттук түйүн болуп калат деген үмүтүн билдирди.