Президент Каракол шаарында жаңы сквер курууну тапшырды

Президент 1680 08 Август 2025 18:15
528672587_1304967791637852_1591644016691654038_n.jpg
528743999_1304967794971185_371256947444596054_n.jpg
529413644_1304967781637853_1303976214424034100_n.jpg
529863617_1304967744971190_3032815246653871982_n.jpg
Алдыга
Артка
528672587_1304967791637852_1591644016691654038_n.jpg
528743999_1304967794971185_371256947444596054_n.jpg
529413644_1304967781637853_1303976214424034100_n.jpg
529863617_1304967744971190_3032815246653871982_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.08.2025. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Каракол шаарындагы Гебзе көчөсүндө жайгашкан кыймылсыз мүлк комплексин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына бул объект совет доорунан 2000-жылдын мартына чейин керек-жарак союзунун карамагында болуп, мамлекеттик менчикте тургандыгы маалымдалды. Бирок Каракол шаардык мамлекеттик администрациясынын чечими менен дүң жана чекене соода базасы жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Үстүбүздөгү жылдын жазында жер комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде аталган объект Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылган. Бул шаар жерин рационалдуу пайдалануу жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү калыбына келтирүү багытындагы маанилүү кадам болду.

Аймакты көрүп чыккандан кийин Садыр Жапаров эскирген жана пайдаланылбай калган мурдагы кооперативдин, ошондой эле ага жанаша жайгашкан автобазанын имараттарын бузуп, алардын ордуна заманбап сквер – Каракол шаарынын тургундары жана коноктору үчүн жаңы коомдук жайга айлана турган эс алуучу жашыл аймак курууну тапшырды.