Президент Кара-Кулжа районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент 1362 14 Апрель 2026 20:30
670429266_1527644409370188_5805913554211077976_n.jpg
671552322_1527644449370184_2583599419802024060_n.jpg
668441093_1527644672703495_9130753465899090181_n.jpg
669688676_1527644689370160_8340826761826600714_n.jpg
669609162_1527644839370145_1197178718839330394_n.jpg
670205803_1527644796036816_7607766645903750791_n.jpg
671147995_1527644486036847_5554880723316497250_n.jpg
670521396_1527644956036800_2182142651257582343_n.jpg
671941341_1527644779370151_285215081515294891_n.jpg
668504013_1527644542703508_8799052755664096574_n.jpg
672352000_1527644726036823_1195824289424707734_n.jpg
669702571_1527644869370142_4403535808688501417_n.jpg
669849136_1527644612703501_4614507148039147140_n.jpg
670950696_1527644709370158_5206694263943433443_n.jpg
671683873_1527644756036820_7682305223115853239_n.jpg
670871324_1527644582703504_2025181243828818139_n.jpg
671989170_1527644389370190_7311838349102307398_n.jpg
669750383_1527644979370131_376922843676317422_n.jpg
669849132_1527644912703471_4318928153673944202_n.jpg
670527788_1527644819370147_2547350024183359975_n.jpg
672347576_1527644299370199_9150175790278249523_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулар районду жана айрым калктуу конуштарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө байланышкан кеңири маселелерди көтөрүштү. Анын ичинде жол инфраструктурасын өнүктүрүү, унаа жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо, ошондой эле транспорттук жеткиликтүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл саламаттык сактоо тармагына бурулуп, анын ичинде медициналык инфратүзүмдү жаңылоо жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери каралды. Мындан тышкары, суу менен камсыздоо, ирригация, дарыя жээктерин бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча да кайрылуулар айтылды.

Айрым кайрылууларда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери көтөрүлүп, билим берүү жана маданият объекттерин жаңылоо, ошондой эле жаңы мекемелерди куруу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле диалог учурунда жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, чечим кабыл алууда мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана талаштуу көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери талкууланды. Кээ бир кайрылуулар ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү, экономикалык активдүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, көпүрө куруу жана жол тармагын өнүктүрүү долбоорлорун бюджетке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, ирригация жана жээк бекемдөө иштерин активдештирүү, ошондой эле районду атайын техника жана өрт коопсуздугу каражаттары менен камсыз кылуу тапшырылды.

Саламаттык сактоо объекттерин этап-этабы менен модернизациялоо, анын ичинде жаңы медициналык мекеменин курулушун баштоо, ошондой эле жергиликтүү муктаждыктарды эске алуу менен айрым социалдык объекттерди жаңылоо боюнча да тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жарандар көтөргөн укуктук жана жер маселелери боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун айтып, алардын чечилиши аймактын өнүгүү артыкчылыктарын жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен ырааттуу жүргүзүлөрүнө ишендирди.