Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы маданият үйүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нуртан Орунтаев Мамлекет башчысына курулуш үчүн муниципалдык менчикте турган 0,45 га жер тилкеси бөлүнгөнүн айтып берди. Имарат 3 кабаттан турат. Анда кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал жана башка бөлмөлөр жайгашат.
Каржылоо КР Стабилдештирүү фондунан жүргүзүлөт жана 172,0 млн сом каралган.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровго калкынын саны 100 миңге жеткен Кара-Кулжа районун өнүктүрүү пландары тууралуу презентация көрсөтүлдү.
*****************
Президент Садыр Жапаров ознакомился с ходом строительства центра культурного обслуживания населения в Кара-Кульжинском районе
культурного обслуживания населения в Кара-Кульджинском районе.
ства Кыргызской Республики Нурдан Орунтаев рассказал Главе государства, что для строительства выделен земельный участок площадью 0,45 га, находящийся в муниципальной собственности.
Здание будет состоять из 3 этажей. В нем разместятся кинотеатр, тренажерный зал, обслуживающие организации, филиалы банков, конференц-зал и другие помещения.
Финансирование осуществляется из Стабилизационного фонда Кыргызской Республики и предусмотрено 172,0 млн сомов.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровго калкынын саны 100 миңге жеткен Кара-Кулжа районун өнүктүрүү пландары тууралуу презентация көрсөтүлдү..