Президент: Кадрдык дайындоодо "Жапаровдун" же "Ташиевдин" командасы деген түшүнүк жок

Президент Загрузка... 13 Февраль 2026 11:11
WhatsApp_Image_2025_KmdwxS3.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан бийлик ичиндеги "бөлүнүү" тууралуу пикирлерге жооп берди. Бул тууралуу мамлекет башчысы "Кабар"агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадрдык саясатта эч кандай топторго бөлүнүү жок жана ар бир талапкер кылдат текшерүүдөн өтөт.

"Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиевдин алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, министрлер кабинетинин төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. Ошондуктан "Жапаровдун командасы" же "Ташиевдин командасы" деген бөлүнүү жок", - деди өлкө башчысы.