Президент айдоочулардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алууну тапшырды

Коом Загрузка... 05 Март 2026 14:40
645726020_25949870974654465_2789527401045659818_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эржелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет менен тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алууга тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырма коомчулукта айдоочулардан тест аууга карата айтылган сын-пикирлерден улам берилди.

“Тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулук тарабынан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди”, - деди ал.