Президент Чыңгыз Айтматов проспектисин реконструкциялоонун аякташы менен таанышты

Президент 2388 11 Июль 2025 09:35
518306118_1279993557468609_2899425906708749480_n (1).jpg
518003175_1279993597468605_8569733256277368366_n.jpg
517126301_1279993900801908_3230661441667536873_n.jpg
517055194_1279993847468580_7375262843084034040_n.jpg
518301621_1279993784135253_8659557048278112230_n.jpg
517346637_1279993730801925_375981170304553646_n.jpg
518317087_1279993734135258_1220213183965341030_n.jpg
517397681_1279993690801929_3246362266676965970_n.jpg
517246175_1279993594135272_523145115882177631_n.jpg
516298790_1279993590801939_3164174177705678857_n.jpg
518306118_1279993557468609_2899425906708749480_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 10-июлда Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Абсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо иштеринин аякташы менен таанышты.

Жаңыланган бөлүктүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт.

Мамлекет башчысына реконструкциянын натыйжасында жол ар биринин туурасы 4 метрден болгон алты тилкеге чейин кеңейтилгендиги маалымдалды. Бул борбор калаанын негизги магистралдарынын биринин ушул тилкедеги өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.

Муну менен катар жөө жана вело жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Көчөнүн эки тарабында тең кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, бул экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө жана шаардыктардын активдүү жашоо мүнөзүн колдоого өбөлгө түзөт.

Проспектти көрктөндүрүү шаардык чөйрөнү жакшыртууга комплекстүү мамиле кылуунун логикалык уландысы болуп калды. Ондогон бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен жабдылган. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнө, тротуарларга жана велосипед менен жүрүүчү жолдорго текши жарык берген, заманбап архитектуралык жарыктандыруу орнотулган. Бул өзгөчө караңгы убакта маанилүү.

Президент Садыр Жапаров шаардыктардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна жана жашоо сапатынын жогору болушуна багытталган заман талабындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тутумдуу иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.