Президент Чолпон-Атада Ирандын биринчи вице-президентин кабыл алды

Президент 2227 15 Август 2025 17:39
532307048_1311269954340969_6533558434173934040_n.jpg
532510736_1311270017674296_6847362265093074450_n.jpg
533559867_1311269961007635_4044938797539948651_n.jpg
533751704_1311270024340962_3117170420333765262_n.jpg
Алдыга
Артка
532307048_1311269954340969_6533558434173934040_n.jpg
532510736_1311270017674296_6847362265093074450_n.jpg
533559867_1311269961007635_4044938797539948651_n.jpg
533751704_1311270024340962_3117170420333765262_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн өлкөгө келген Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти кабыл алды.

Тараптар эки жактуу күн тартибинин, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Иран менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кызматташуу жылдарында тараптар өз ара кызыкчылыкты көздөгөн эки жактуу мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүштү.

Президент белгилегендей, кыргыз-иран өнөктөштүгүнүн маанилүү багыттарынын бири – эки өлкөнүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу болуп саналат, бул Иран порттору аркылуу океанга чыгууга көмөктөшөт.

Өз кезегинде Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын саламын айтты.

Ирандын биринчи вице-президенти кыргыз-иран алакаларынын өнүгүү динамикасына оң баасын берип, аларды мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

Соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты салттуу жогорку деңгээлде сактап калуу үчүн биргелешкен чараларды көрүү тууралуу макулдашышты.