Президент: Чүй өрөөнү быйыл жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди

Президент 10 октябрь 2026 21:15
Президент: Чүй өрөөнү быйыл жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Чүй өрөөнү быйыл жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөө аземинде билдирди.

“Биздин экономикалык алга жылууларыбыз албетте, куштун эки канатындай болуп, маданий иш-аракеттер менен да коштолушу абзел.
Чүй облусу заманбап инфратүзүмү бар, инвестиция тартуу үчүн жагымдуу, өндүрүшү күчтүү, айыл чарбасы технологиялык жактан өнүккөн, туризми жандуу, маданий-тарыхый эстеликтерге бай жана жаштар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн асыл аймак”,-деди президент.

Мамлекет башчысынын айтымында, мүмкүнчүлүк менен биз келечекте мындан да зор бийиктиктерге жетишүүгө тийишпиз. Көп этностуу, биримдиктүү эли, берекеси төгүлгөн жери менен Чүй облусунун жалпы республиканы алдыга сүйрөй турган социалдык-экономикалык борбор кызматын алдыга сүрөө өтө маанилүү.

“Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. Анткени облустун өнүгүүсү — бир гана мамлекеттин колдоосунан эмес, ар бир жарандын кошкон салымы менен да ишке ашат”,-деп белгиледи Садыр Жапаров.