Президент: Чакан ГЭСтер – өлкөнүн энергетика саясатынын стратегиялык маанилүү багыттарынын бири

Президент Загрузка... 20 Апрель 2026 15:20
photo_5418251486614984302_y (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

“Чакан ГЭСтерди куруу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү натыйжалуу жана ыкчам инструменттердин бири болуп эсептелет. Бул долбоорлор энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатып, муктаждыктарыбызды четинен азайтууга өбөлгө түзөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, - деди президент.

Ал бул тармактагы жетишкендиктер аймактарды тең салмактуу өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүүгө шарт түзүп, “жашыл экономикага” өтүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын белгиледи.

“Жалпысынан алганда, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү – бул энергетика тармагын диверсификациялоо, туруктуулукту жогорулатуу жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиялык кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү”, - деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.