Садыр Жапаров: Биздин максатыбыз – Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу

Президент 1334 18 Февраль 2026 18:35
634552575_1478575647610398_426120702820317355_n.jpg
637118705_1478575327610430_12261020444473961_n.jpg
634961562_1478575390943757_3341417708691406591_n.jpg
634904869_1478575404277089_3299867925441723564_n.jpg
635529131_1478575670943729_5841735491190463795_n (1).jpg
636745251_1478575484277081_8027462431850243238_n.jpg
636842517_1478576164277013_674860798377135376_n.jpg
637008998_1478575457610417_698603898540593264_n.jpg
637136150_1478575694277060_6767428412550092596_n.jpg
637142968_1478576244277005_4121614096953150371_n.jpg
637145118_1478575910943705_5741758974308027338_n.jpg
637363988_1478575600943736_1063336982881602590_n.jpg
637686658_1478576110943685_6833028137651351685_n.jpg
638381876_1478575877610375_314914188156629161_n.jpg
638597982_1478575717610391_311436708400035207_n.jpg
639195292_1478575537610409_8495014983217600289_n.jpg
Алдыга
Артка
634552575_1478575647610398_426120702820317355_n.jpg
637118705_1478575327610430_12261020444473961_n.jpg
634961562_1478575390943757_3341417708691406591_n.jpg
634904869_1478575404277089_3299867925441723564_n.jpg
635529131_1478575670943729_5841735491190463795_n (1).jpg
636745251_1478575484277081_8027462431850243238_n.jpg
636842517_1478576164277013_674860798377135376_n.jpg
637008998_1478575457610417_698603898540593264_n.jpg
637136150_1478575694277060_6767428412550092596_n.jpg
637142968_1478576244277005_4121614096953150371_n.jpg
637145118_1478575910943705_5741758974308027338_n.jpg
637363988_1478575600943736_1063336982881602590_n.jpg
637686658_1478576110943685_6833028137651351685_n.jpg
638381876_1478575877610375_314914188156629161_n.jpg
638597982_1478575717610391_311436708400035207_n.jpg
639195292_1478575537610409_8495014983217600289_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолду ачты.

Алгач мамлекет башчысына асма жолдун иштөө тартиби тааныштырылды.

Андан соң иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Ала-Арча” жаратылыш паркынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Ал өлкөдөгү алгачкы асма жол инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган дагы бир долбоор экенине токтолду.

Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол паркка келген жарандар жана чет өлкөлүк меймандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк.

Президент аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Doppelmayr” компаниясы тарабынан курулганын айтты. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатышат. Ал бул долбоорлор Кыргызстанда тоо туризмин системалуу, сапаттуу жана заман талабына ылайык өнүктүрүү жүрүп жаткандыгынын айкын далили экенин белгиледи.

“Биз бул асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу жаратылыш паркын комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат”, - деди мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү күндө “Ала-Арча” жаратылыш паркында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты. Асма жол менен катар, бул жерде бардык шарттары каралган заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге, учурда заманбап родельбан курулуп жатканы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, бассейни менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү да мерчемделүүдө.

Президент жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында “Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси олуттуу өскөнүнө токтолду. Эгерде 2020-жылы парктын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул — киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет.

Ал акыркы жылдары бардык мекеме-уюмдар толугу менен санариптештирүүгө өткөрүлгөнүн эске салды. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечимдер ачык-айкындуулукту камсыздап, адам факторун азайтып, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга бекем негиз түздү.

“Биздин максатыбыз — өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу!”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бул багытта Ала-Арчада, Ысык-Көлдө жана дегеле Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүү боюнча иштер мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Учурдан пайдаланып, президент бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон бардык өнөктөштөргө, адистерге, куруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле мамлекет ички жана тышкы инвесторлорго ар дайым ачык экенин айтты. Түрдүү тармактарды өнүктүрүүгө инвестиция салам деп келген ишкерлерге мамлекет тарабынан болушунча шарттар түзүлүүдө, мындан ары да инвесторлордун ишмердигине ыңгайлуу жагдайларды түзүү улантылат. Алардын ишине ыксыз текшерүүлөргө мораторий дагы киргизилди.

Президент учурдан пайдаланып күч түзүмдөрүнө кайрылды.

“Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула”, - деди ал.

Ал ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылып, салыктарын жаап-жашырбай, ак иштейт деп ишеним артты.

Андан соң президент “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында курулган мейманканалык инфратүзүмдүн объектилери менен таанышты.