Президент: Баткенди күчтүү экономикасы бар аймакка айлантабыз

Президент 12 октябрь 2026 14:45
Президент: Баткенди күчтүү экономикасы бар аймакка айлантабыз
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушту.

Президент өз сөзүндө Баткен – Кыргызстандын стратегиялык жактан маанилүү аймагы экенин айтты.

"Ошондуктан бул жердеги ар бир айылдын, ар бир райондун жана ар бир шаардын өнүгүшү мамлекеттин өзгөчө көңүлүндө. Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштердин баары — Баткендин эртеңки өнүгүүсүнө салынган пайдубал. Жолдор салынып, мектептер курулуп, бала бакчалар ачылып жатат. Таза суу четинен жеткирилүүдө, ооруканалар оңдолууда, спорттук объектилер курулууда. Өндүрүштү кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин максат – Баткен облусун республикалык бюджеттен жардам күтүп отурган аймак эмес, өзүнүн күчтүү экономикасы, өнүккөн өндүрүшү, айыл чарбасы, кайра иштетүүсү, соодасы жана туризми бар аймакка айландыруу”, - деди президент Садыр Жапаров.