МИК ата-энесиз калган балдарга үй бөлдү: Президент алардын жашоо шартын көрдү

Президент 860 01 Июнь 2026 13:12
712153494_27139113659041953_5024230371165389310_n.jpg
709864194_27139114905708495_3296000836501732961_n.jpg
710059438_27139113832375269_8986213952125148747_n.jpg
710099028_27139113039042015_2308648708635255299_n.jpg
710448041_27139114212375231_1244733020581698581_n.jpg
710448051_27139113645708621_4471753574633575803_n.jpg
710462564_27139116222375030_8984048021700184991_n.jpg
710592421_27139113285708657_2219320637417399581_n.jpg
710598270_27139115072375145_6261998210636587760_n.jpg
710710615_27139114379041881_1109810294902360913_n.jpg
711446604_27139115015708484_8817938179721937699_n.jpg
711568177_27139117322374920_2388356376379193374_n.jpg
711618789_27139116322375020_8319760107996874967_n.jpg
711631051_27139116169041702_4871884369358784196_n.jpg
711765113_27139118572374795_3842371001726332479_n.jpg
712153494_27139113659041953_5024230371165389310_n.jpg
712668857_27139113132375339_7532190101403039341_n.jpg
712864599_27139117792374873_1978563976292678858_n.jpg
713103839_27139114279041891_5626845745939526009_n.jpg
713405719_27139118012374851_3872861937049534809_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысына Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон тоголок жетимдер үчүн убактылуу жашоо уюштурулгандыгы тууралуу маалымдалды.

Жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин, окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоо баскычында турак жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын социалдык колдоо максатында МИК жаштар үчүн атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу баскычында жашай алышат.

Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат.

Бул жерде өз алдынча жашоого ыңгайлашууга, билим алууга жана кесиптик келечектеги кесиптик жолун пландаштырууга өбөлгө түзгөн бардык зарыл турмуш-тиричилик шарттары түзүлгөн.

Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 жигит жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Ошондой эле алардын билим алуу жана келечектеги кесиптик пландары тууралуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров 2020-жылы президенттик кызматка киришкенден бери жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси анын артыкчылыктуу максаттарынын бири болгонун белгиледи.

“Бүгүн бул маселе иш жүзүндө чечилди: улан-кыздар жогорку окуу жайын бүтүрүп, жумушка орношконго чейин бир нече жыл ушул жерде жашай алышат”, — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, анда түштүк аймактарындагы бүтүрүүчүлөр жашашат.

Келечекте алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик “Келечекке салым” программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын пайдалана алышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштар президентке өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жеке турмуштук окуялары жана келечекке болгон пландары менен бөлүштү.

Мындан тышкары алар жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагерин уюштуруп берүү өтүнүчүн билдиришти. Алар окуу жылы бою мекемелерде болуп, сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк аз экенин белгилешти. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөргө окууда жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, тыкандыкка, үнөмчүлдүккө жана тартипти сактоого чакырды. Ошондой эле сапаттуу билим алуунун жана коомдук турмушка активдүү аралашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.