Президент Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионун ачты

Президент 2983 26 Апрель 2025 23:45
IMG_20250427_002742_492.jpg
IMG_20250427_002742_341.jpg
IMG_20250427_002742_743.jpg
IMG_20250427_002742_386.jpg
IMG_20250427_002742_468.jpg
IMG_20250427_002743_051.jpg
IMG_20250427_002742_489.jpg
IMG_20250427_002742_269.jpg
IMG_20250427_002802_112.jpg
IMG_20250427_002801_431.jpg
IMG_20250427_002801_386.jpg
IMG_20250427_002802_294.jpg
IMG_20250427_002801_568.jpg
IMG_20250427_002801_821.jpg
IMG_20250427_002801_573.jpg
IMG_20250427_002822_208.jpg
IMG_20250427_002822_075.jpg
IMG_20250427_002822_061.jpg
IMG_20250427_002822_590.jpg
IMG_20250427_002822_482.jpg
IMG_20250427_002822_112.jpg
IMG_20250427_002822_272.jpg
IMG_20250427_002822_539.jpg
IMG_20250427_002821_773.jpg
IMG_20250427_002822_548.jpg
IMG_20250427_002831_395.jpg
IMG_20250427_002831_699.jpg
IMG_20250427_002831_406.jpg
IMG_20250427_002831_474.jpg
IMG_20250427_002831_595.jpg
IMG_20250427_002831_835.jpg
IMG_20250427_002832_160.jpg
IMG_20250427_002831_967.jpg
IMG_20250427_002831_605.jpg
IMG_20250427_002831_823.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250427_002742_492.jpg
IMG_20250427_002742_341.jpg
IMG_20250427_002742_743.jpg
IMG_20250427_002742_386.jpg
IMG_20250427_002742_468.jpg
IMG_20250427_002743_051.jpg
IMG_20250427_002742_489.jpg
IMG_20250427_002742_269.jpg
IMG_20250427_002802_112.jpg
IMG_20250427_002801_431.jpg
IMG_20250427_002801_386.jpg
IMG_20250427_002802_294.jpg
IMG_20250427_002801_568.jpg
IMG_20250427_002801_821.jpg
IMG_20250427_002801_573.jpg
IMG_20250427_002822_208.jpg
IMG_20250427_002822_075.jpg
IMG_20250427_002822_061.jpg
IMG_20250427_002822_590.jpg
IMG_20250427_002822_482.jpg
IMG_20250427_002822_112.jpg
IMG_20250427_002822_272.jpg
IMG_20250427_002822_539.jpg
IMG_20250427_002821_773.jpg
IMG_20250427_002822_548.jpg
IMG_20250427_002831_395.jpg
IMG_20250427_002831_699.jpg
IMG_20250427_002831_406.jpg
IMG_20250427_002831_474.jpg
IMG_20250427_002831_595.jpg
IMG_20250427_002831_835.jpg
IMG_20250427_002832_160.jpg
IMG_20250427_002831_967.jpg
IMG_20250427_002831_605.jpg
IMG_20250427_002831_823.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы жаңы спорттук объекттин инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу залын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик имараттарды көрүп чыкты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө самаалыктын символикалуулугун баса белгиледи: айыл жергесинде 2500 адамды батыра турган заманбап стадион пайда болду. Ал ушул стадион эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет жерпайынан чатырына чейин жаңы курулган объект болгонун баса белгиледи.

Президент бул жер бир канча жыл мурда тебеленип жаткан жөн гана талаа болгонун, анда жаш футбол сүйүүчүлөр чогулуп, мелдештер өтүп жүргөнүн эске салды. Бара-бара алардын ынтызарлыгы жана өжөрлүгү менен айылда азыр өлкөнүн премьер-лигасында ойноп жаткан “Талант” командасы пайда болду.

«Бүгүнкү күндө «Достук Арена» өз эмгеги жана тырышчаактыгы менен күйөрмандардын сый-урматына ээ болгон «Талант» командасынын жаңы оюн талаасына айланууда», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өткөн жылдын март айынан тарта жаңы стадиондун курулушуна өзү көз салып турганын белгиледи. Жаңы объектте футболчулар жана күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган: табигый жана жасалма көк майсаң чөп оюн талаасы, оюнчуларга ылайыкталган жатакана, тамактануу жайы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик бөлмөлөр, фитнес зал, медиа, расмий өкүлдөр жана VAR-системасы үчүн дагы бөлмөлөр орун алды.

Мамлекет башчысы өлкө элдеринин ортосундагы достук, биримдик жана ынтымак үчүн стадионго “Достук Арена” атын берүү демилгеси Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевге таандык экенин белгиледи.

Президент ошондой эле 2023-жылы “2034-жылга чейин Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун жана Улуттук футболду өнүктүрүү программасын кабыл алганын эскертти. Бул чечимдердин аркасында өлкөбүздө спорттук инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр башталды: 17 стадионду калыбына келтирүү иштери башталып, жалпысы 5 миллиард 400 миллион сомдон ашуун акча каражат жумшалды.

“Алардын ичинен, 10 стадион 2024-жылы ишке берилсе, калганы – Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырылат.

2025-жылы дагы 15 объектте курулуш иштери башталып, анын ичинде облустук борборлор болуп эсептелинген Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат. Мындан тышкары Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Орто Азиядагы эң ири «Бишкек Арена» стадиону салынууда. Анын курулушу эмдиги жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат”, - деди Садыр Жапаров.

Президент жаңы спорт инфраструктурасы кыргыз футболунун эл аралык аренада мындан аркы ийгиликтерине түрткү болоруна ишенимин билдирди. Садыр Жапаров улуттук курама команда 2027-жылы өтүүчү Азия кубогуна жолдомо утуп алганын жана 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн күрөштү улантып жатканын эске салды.

“Спортту колдоо өз натыйжасын берип жатат: мындан бир ай мурда биздин курама эки жолку Азия чемпиону болгон Катар мамлекетинин курама командасын 3:1 эсеби менен жеңди. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды”, - деп баса белгиледи Президент.

Соңунда Мамлекет башчысы “Достук Арена” жаңы чемпиондор чыккан жер болуп, жаштарды жаңы спорттук ийгиликтерге шыктандырышын каалады.

Ачылыш аземинен кийин Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 7-турунун алкагында “Талант” (Беш-Күнгөй) жана “Алга” (Бишкек) футболдук клубдарынын беттеши болуп, анда Президент Садыр Жапаров катышты.

Беттеш 2:1 эсебинде «Алга» командасынын пайдасына аяктады.