Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана райондук мамлекеттик администрациянын келечектеги пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысына өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү динамикасы, курулуш тармагынын өнүгүшү, социалдык объектилердин курулушу, ошондой эле артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлор жана райондун актуалдуу көйгөйлөрү тууралуу маалымат берилди.
Өнөр жай тармагында өндүрүштүн көлөмү 2021-жылы 854,9 млн сомдон 2026-жылы 1 млрд 827,8 млн сомго чейин өскөн. Өсүш 972,8 млн сомду түзгөн.
2021-2026-жылдары райондо 56 объект курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын арасында 12 мектеп, 9 бала бакча, 7 фельдшердик-акушердик пункт, 7 кичи футбол талаасы, 4 спорт зал, мектептердин 4 кошумча корпусу, калкты таза суу менен камсыз кылуучу 5 объект, 1 административдик имарат жана башка 5 социалдык объект бар.
Учурда 5 мектеп, 5 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункттун жана социалдык шаарчанын курулушу уланууда.
Өзгөчө көңүл келечектүү инфраструктуралык долбоорлорго бурулду. Аларды ишке ашыруу үчүн 1 млрд 959 млн сом өлчөмүндө каржылоо талап кылынат.
Тактап айтканда, 598,8 млн сомдук саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле транспорттук жүктү азайтуу үчүн жаңы жол салуу каралган. Узундугу 23 чакырымды түзгөн Базар-Коргон — Арстанбап участогун жана узундугу 18 чакырым болгон Базар-Коргон — Сайдикум участогун курууга болжол менен 984 млн сом талап кылынат.
Мындан тышкары, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында сегиз атайын техника жана он электробус сатып алуу пландалууда. Электробустарды сатып алуунун жалпы наркы 131 млн сомду түзөт.
Базар-Коргон шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 125 млн сом талап кылынат. Каражаттарды автоунаа токтотуучу жайды, тез кубаттоочу станцияны, тышкы электр тармактарын, аялдама жана автоунаа жуучу жайды курууга, ошондой эле 7 миң чарчы метр аянтты асфальттоого жумшоо мерчемделүүдө.
Дагы бир долбоор М. Бердибеков атындагы Маданият үйүн капиталдык оңдоону камтыйт.
Таанышуу учурунда ошондой эле чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелер, анын ичинде тургундарды турак жай жана таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.